• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Урмат Саамаев Токмокко мэр болобу?

14 Жалган куран 2018 9:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.03. 2018. Govori.TV

 

17-мартта Токмок шаарынын мэрин шайлоо өтөт. Бул тууралуу шардык мэриядан билдиришти. Анда белгилүү болгондой, азыр мэрликке Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” партиясынын депутаты Урматбек Саамаев, КРнын каржы министрлигинин кызматкери Данияр Амангелдиев жана Токмок шаарынын мурдагы вице-мэри Нурлан Келдибековдор талапкерлигин каттатышкан. Акыркы эки талапкер тең бийликчил КСДП партиясынын өкүлдөрү.
Ал эми мэрди шайлай турган шаардык кеңеште КСДПнын 14, “Кыргызстандын” 8, “АК” партиясынын 5, “Республика-Атажурт” партиясынын 4 депутаты бар. Демек, акыркы учурдагы саясий кырдаалга карасак, “АК” жана “Кыргызстан”, “РАЖ” партиялары биригүү чечимине келгени байкалат. Демек,  Урмат Саамаев мэр болуп калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Эске сала кетсек, март айынын башында Токмок шаарынын мэри Жыргалбек Шамыралиев өз арызы менен мэрликтен кеткен.
Количество просмотров: 43