• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Урсаң дагы «западло!». Атазов Байсаловдун кылыгын чыккынчылыкка теңеди

22 Кулжа 2023 12:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-июндагы парламент жыйынында кайрадан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жүрүм-туруму тууралуу маселе көтөрүлдү. Депутат Шайлообек Атазовдун айтымында Байсалов парламентке, депутаттарга шек келтирип жатат.

«Ал мамлекеттик этиканы бузду. Биринчиден, депутаттар менен сүйлөшүүдө этика деген болот. Экинчиден, президенттин, парламенттин башкаруусун ал жокко чыгарып жатат. Бул жерде мамлекеттик чыккынчылык бар. Эмне үчүн ал депутатка кайрылып, «элдин атынан мага тапшырма бербеңиз» дейт? Үчүнчүдөн, элдин добушун алып, парламентке келгендердин добушун жокко чыгарды. Ушул жерде отурган эл өкүлдөрү вице-премьер-министрдин бул айткандарын кантип угуп отурабыз? Эл бизди шайлаганда Эдил Байсалов мазактап кетсин деп шайлады беле? Ал ким өзү?ЛГБТны колдогону өзүнчө тема. Эми муну урган дагы западло! Дебатка чакырсаң түшүнбөйт экен. Бул эмне деген кадр? Урматтуу депутаттар, Байсалов парламентке, депутаттарга шек келтирип жатат. Асан, Үсөн десе мейли, жалпы депутаттар дейт. Ал бийликтин эки бутагынын ортосунда конфликт жаратып, жарака кетирип жатат», — деди Атазов.

Количество просмотров: 152