• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ушундай дагы болот… Уйку менен картошка…

16 Үчтүн айы 2019 17:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.01.2018.Govori.TV.

Бүгүн Жогорку Кеңеште баасы түшүп кеткен картошка маселеси тууралуу сөз болду. Депутат Максат Сабиров эки жылдан бери бул маселени чече албай жаткан министрлик башка маселе менен жетип келгенине таң калды.   

Эл өкүлүнө КР айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев жооп кайтарды.

Орун басардын жообуна канааттанбаган эл өкүлү кайра-кайра такыды эле , Жаныбек Керималиев «ушундой болот экен да» деп алакан жайды.

Эл өкүлү Айсулуу Мамашева «силер элди алдап жатасыңар»-деп суроону кабыргасынан койду.

Эске салсак  , айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында уктап калып коомчулуктун сынына кабылган.

Эми минтип «ушундай болот экен да» деп эки ийнин куушуруп отурат.



Количество просмотров: 35