• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

«Ушундан көрө, абакта кармоо балким, жеңил болмоктур». Журналист Мамыркулова коомчулукка кайрылуу жасады

21 Чын куран 2023 18:19 Бишкек Govori.TV

Журналист Канышай Мамыркулова фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү жазып, коомчулукка кайрылуу жасады.

Анын кайрылуусунда, акыркы күндөрү фейк-фабрика аркылуу каралоолор күч алганы жазылган.

Ошондой эле ал өзүнүн жеке дарегине да каралоо иштери жүрүп жатканын билдирген.

«Жеке мага акыркы учурларда көп жолу жалаа жабылып келди. ИИМдин өкүлдөрү бир нече жолу сотко кайрылууга кеңеш берди, албетте, машакаттуу жана жыйынтыксыз аракет экендиги белгилүү. Айта турган жагдай, бардык тараптарга сын-пикирди мен жүзүм менен айтып келем жана укук жаатында дагы жооп берүүдөн качпайм. Өзүн сыйлаган өлкөдө жарандык аң-сезим ушундай болууга тийиш. Ал эми фейк-фабрика менен жеке адамды каралоо бул пастык. Башкасы болгондо мейли, бирок, дүйнөдөн өткөн энемди мындай каралоо компаниясына аралаштыруу фейк-фабрика жалдаган тараптардын абийириндеги жагдай болуп саналат. Ушундан көрө, абакта кармоо балким, жеңил болмоктур. Анткени, ата менен эне ыйык. Албетте, муну эч бир тарап мойнуна алгысы келбейт. Бирок, бийликке карата, кескин сындан бөлөк, менин учурда башка аракетим жок жана каралоолордо айтылгандай, мамлекетке бүлүк салуу ниетим болгон эмес. Мындай каралоололор өлкөнүн бардык аң-сезимдүү, баш көтөргөн жарандык активисттерине колдонулууда. Бүгүн мен каралоого туш болсом, эртең сен, бүрсүгүнү калган жарандар туш болот. Ошондуктан, мындай бети жок кадамдарды айыптоону жана фейк-фабрикаларга кайдыгер болбой, бетин ачып, коомчулук алдында уяткаруу керектигин белгилейм»,-деп жазат Мамыркулова.

Белгилей кетсек, учурда соцтармакта журналист Канышай Мамыркуловага каршы каралоо кампаниясы иштеп жатканын баамдаса болот.

Количество просмотров: 703