• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Усупбаев: Бир жаранды сактай албасак, ӨКМдин эмне кереги бар?

28 Тогуздун айы 2021 21:38 Бишкек Govori.TV

Спортчу Ринат Усупбаев жаңы имараттын 9-кабатынан секирген жаш жигиттин өз жанын кыйганына байланыштуу ӨКМдин башчысы Бообек Ажыкеевге кайрылуу жасады.Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.

«4 саат сүйлөшүүлөр болуптур. 4 сааттын ичинде жерге батут тартылган эмес. Куткаруучу тегерекчелер жок. Сүйлөшүүлөр мыкты деңгээлде өткөн жок. Өткөн жылы да ушундай окуя болуп, сага сабак болгон жок. Бул биздин алсыздыгыбыздын белгиси. Өзүңүз келип, көзөмөлгө алышыңыз керек болчу. Бизге урусат берсеңер, 4 саатта Балыкчы, Чолпон-Атадан батут алып келгенге жетишмекпиз. Секирген жагы бир эле күн батыш тарапта болгон. Үч жагынын баары курчалган. Бир жагына бир нерсе төшөп койсоңуздар, баланы сактап калмаксыздар. Бир жаранды сактай албасак, ӨКМдин эмне кереги бар? Буга ким жооп берет?» — деди ал.

Эске салсак, Бишкектеги Байтик-Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан имараттын сегизинчи кабатынан секирген 22 жаштагы бала каза болду. Милиция менен ӨКМдин кызматкерлери жаш жигит менен бир нече саат бою сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок бул эч кандай жыйынтык берген эмес.

Количество просмотров: 964