• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Уттукпу же утулдукпу?» Чечилди делген чек ара маселесине коомчулуктун реакциясы…

30 Жалган куран 2021 14:37 Бишкек Govori.TV

Өткөн жуманын соңунда бийлик кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы талаштуу жерлер боюнча маселе жүз пайыз чечилгенин жар салды. Маселе чечилди деген менен коомчулукта ар кандай кептер, бүдөмүк ойлор, талаштуу пикирлер козголду.

Ал эми чек ара маселелери боюнча эксперт Саламат Аламановдун айтымында эки тараптын ортосундагы чек ара көйгөйү толук чечилип, чекит коюлду деп айтуу эрте деп эсептейт.

Анын айтымында, бул маселе дагы бир канча ирээт талкууланып, электен өтүп, балким дагы да өзгөрүүлөр болуусу мүмкүн.

«Негизи эле чек ара маселеси челилгенден кийин тигил же бул тарап утулду деген сөз болбойт. Себеби эки тараптын тең адамдарынын моюндарында мамлекеттик чоң жүк бар. Ошондуктар эки тарап тең андайга бара албайт. Ошондуктан чоң маселе чечилди дегенге макул болуу керек. Ар ким ар кандай айтат, бирок түбүнө чейин билбеген адамдар ар кандай пикирлерди айта берет, ал эми билген адам туура эле мамиле кылат», — дейт ал.

Аламановдун айтымында, көйгөй жараткан чек ара боюнча маселени чечүүнүн бир жолу бул жер алмашуу жолу.

«Албетте жерди алмашканда жердин сапаты, аянты сыяктуу факторлорду эске алып туруп анан чечет. Менин оюмча ушул жол менен чечилген болуш керек. Эртеңки күн да бар да, ошондуктан айрымдар айткандай туура эмес жолго барбайт эч ким. Бул чечилген маселени да талкуулай турган аянтчалар бар. Азыр эреже боюнча муну өкмөт карайт, андан соң Жогорку Кеңеш карайт, анан ЖК өзүнүн чечимин чыгарат. Башкача айтканда бир топ талкуулар бар бул маселе бар. Ошондуктан азыр бир алдын ала болжоп, айта берген туура эмес болот. Ал эми менин пикиримде маселе туура эле чечилген», — деди Аламанов.

26-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталганын айткан.

Анын айтымында, кыргыз тарапка мурда талаштуу болуп жүргөн жерлер кайра такталып жазылды.

“Көк-Серек айылы-105 гектар, Баястан айылы — 212 гектар, Ак-Таш — 100 гектар Ункар-Тоо — 35 гектар, Кара-Белес участогу — 25 гектар Кыргызстанга өттү. Ал эми Гавасай деген жер Наманган менен Жалал-Абад облусунун чектешкен жеринде жайгашкан. Андагы 8000 гектар жер Кыргызстанга жазылды. Ал аймакта 5-6 айыл жана жайлоолор бар. Мурда бул жерде бир нече жолу ок атылып, ызы-чуу чыккан. Эми ал жерлер толугу менен Кыргызстанга өттү. Шахрихан-Сай деген жерден 50 гектар Өзбекстанга берилди. Ордуна 50 гектар жерди Өзгөндүн жогору жагынан алынат” — деди Ташиев.

Количество просмотров: 319