• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Уурдалган 27 жаштагы кыздын өлтүрүлүшү. Коомчулук ИИМ башчысынын отставкасын талап кылышууда

7 Чын куран 2021 22:59 Бишкек Govori.TV

Бишкектен уурдалган 27 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, ала качууга шектелип жаткан жаран кызды муунтуп өлтүрүп, өзүнө бычак сайып каза болгон.

Коомчулук бул жаңылыкты өтө оор кабыл алды. Көпчүлүк жоопкерчилик кандайдыр бир деңгээлде ИИМдин жана шаардык ИИБ башкармалыгынын башчысында экенин айтып, кызматтан кетүүлөрү керек дешүүдө. Айрымдар адамдардын кайдыгерлиги тууралуу кеп козгошту.

Эске салсак, Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаадан аял жана эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү 7-апрелде саат 14:30 чамасында Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө түшкөн. Биринчи май районунда жаш кызды топ жигиттер күч менен алып кеткенден кийин изделип жаткан «Хонда Цивик» үлгүсүндөгү унаа ошол жерден табылган.

Бир күн мурун Бишкекте кызды уурдагандар тууралуу видео социалдык тармакка тараган. Белгисиз балдар аны кызыл түстөгү «Хонда Цивик» үлгүсүндөгү унаага салып кетишкен. Уурдалган кыздын туугандары аны социалдык тармактар ​​аркылуу табууга аракет кылышкан.

Талаадагы унаанын ичинен 1994-жылы туулган К.А. аттуу кыздын жана 1985-жылы туулган Т.З. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. Алардын денесине кароо жүргүзгөн учурда кыз зомбулуктан улам каза болгону, ал эми эркек киши бычактан алган жаракаттан улам каза болгону аныкталган.

Жергиликтүү чабан бул унааны талаадан 5-6-апрель күндөрү көргөнүн, бирок унаа баткакка тыгылып калган деп ойлоп, анча маани бербегенин билдирди. 7-апрелде гана ал унаанын жанына барып, аялдын жана эркектин сөөгүн көргөн. Андан кийин дароо милицияга кабарлаган.

Учурда ар тараптуу тергөө иштери жүрүп жатат. Керектүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Количество просмотров: 4713