• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Уурдалып, Өзбекстандын аймагына өткөрүлүп кеткен жылкылар кайтарылды

26 Бугу 2023 12:26 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагынан уурдалып, Өзбекстанга өткөрүлүп кеткен жылкылар кайтарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө Барпы жана Атабеков айыл аймактарынын 4 тургуну арыз менен кайрылышып, 5-апрелден 16-майга чейинки аралыкта жылкы жана бодо малдарын жоготушканын билдиришкен. Натыйжада арыз ээлерине 645 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.

Аталган фактылар Сузак РИИБдин Тергөө кызматына КР Кылмыш-жаза кодексинин «Уурдоо» беренеси катталып, кылмыш иши козголгон.

Сузак районунун аймагында өтүп жаткан «Эктремист» аталышындагы иш-чара учурунда жогорудагы кылмыш иштеринин бети ачылды. Ошентип, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш иштерине шектүү катары Сузак районунун тургундары 1982-жылы туулган Ж.А., 1993-жылы туулган М.А., 1997-жылы туулган Э.Ф. жана Аксы районунун тургуну 1991-жылы туулган А.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүүлөр уурдалган 2 жылкыны коӊшу Өзбекстанга өткөрүп жибергендиги аныкталып, Сузак РИИБдин Кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн сүйлөшүү иштеринин натыйжасында жылкылар кайтарылып, ээлерине өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 80