“Уялчаак депутат” “ставканы” 10 миллион сомго көтөрдү
“Уялчаак депутат” “ставканы” 10 миллион сомго көтөрдү
21 Кулжа 201810:55 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21. 06. 2018. Govori.TV
“Уялчаак депутат” Камчыбек Жолдошбаев өлкөнүн карызынан кутулуу үчүн атайын ачылган эсепке иш алды кылып бере турган 1 миллион сомун дагы 10 эсеге көтөрө турганын айтты. Бул тууралуу ал “Азия Ньюс” гезитине берген маегинде билдирди.
“Демилге колдоо тапса, сумманы 10 эсеге көтөрүп, дагы 10 миллион сом берем. Мекеним үчүн жаным курман! Кытайларга жерибизди бергенче, акча бергенибиз туура”, — дейт Камчыбек Жолдошбаев.
Эске салсак, буга чейин депутат биринчилерден болуп, “карызды кутулуу үчүн эсеп ачып, байлар чогулталы” деген демилге көтөрүп чыккан. Ага өзү 1 миллион сом бере турганын айткан.
Ушул эле гезитте Жолдошбаевдин кечээ, 20-июнда Жогорку Кеңештен жыгылып кеткенин жазышкан.
“Чалынып кеттиңизби, же “сеп” этип алдыңызбы?” деген суроого Жолдошбаев: “жумуш учурунда бир тамчы да спирттик эмес, жада калса алкоголу жок сыра ичпейм. Болгону, “подагра” деген илдетим бар. Өзгөчө оң бутумдун тизеси”, — деп жооп берген.