• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү тоноочулукка шектелип кармалды

3 Бирдин айы 2022 9:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү тоноочулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын август айында Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургунун тоноп кетишкен. Бишкек шаарынын базарларынын биринен жабырлануучунун жанына бир белгисиз жаран келип, физикалык күч колдоном деп коркутуп, 6000 сом акча каражатын, өздүк буюмдарын, анын ичинде документтерин тартып алган. Жабырлануучу ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, укукка каршы аракеттер боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Ал мурда тоноочу менен тааныш болбогонун жана эч кандай байланышы жоктугун билдирген.

Бул факты аймактык ИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Тоноо” беренеси менен тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

«Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Аламүдүн районунун аймагындагы айылдардын биринен шектүүнү кармоону жүргүзүшкөн. Тоноого шектүү катары 1996-жылы туулган Талас облусунун тургуну 1996-жылы туулган М.М. кармалды. Жаран М.М. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Кармалган жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 193