Вашингтондо кырсыктаган учакта муз үстүндө көркөм бийлөө боюнча дүйнө чемпиондору, орусиялык спортчулар Вадим Наумов менен жубайы Евгения Шишкова да болгону кабарланууда.
Маалыматты Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттиги жана спорт жаңылыктарын чагылдырган Sports.ru сайты өз булактарына таянып жазышты. Наумов менен Шишкова 1994-жылы өткөн Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынышкан.
Кырсык 29-январда жергиликтүү убакыт боюнча 21.30дарда болгон. Пентагондон алыс эмес жерде жүргүнчү учак менен аскердик тик учак кагышып, лайнер Потомак дарыясына кулап түшкөн.
American Airlines компаниясы эксплуатациялап келген учактын ичинде 64 адам бараткан. Ал эми Black Hawk тик учагында үч аскер кызматкери болгону ырасталды.
Наумов менен Шишкова муз үстүндө көркөм бийлөө боюнча карьераларын жыйынтыктагандан кийин Кошмо Штаттарга көчүп кетип, машыктыруучу катары иштеп жүрүшкөн. Алардын 23 жаштагы уулу Максим Американын жараны жана бул өлкөнүн атынан эл аралык таймаштарга катышып келет. 2022-жылы ал жашы жете электер арасында АКШ чемпиону болгон.
CBS News полиция кызматкерине таянып, кырсыктан кийин кеминде 18 адамдын сөөгү табылганын кабарлады.
Булак: Азаттык.