• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Василий Волков: Байкоочулар тарабынан добуш берүү боюнча эскертүүлөр боло элек

10 Үчтүн айы 2021 12:52 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы добуштарды саноо системасын алдоо мүмкүн эмес. Бул тууралуу КМШнын байкоочулар миссиясынын башчысы Василий Волков журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, шайлоого КМШнын жалпы 138 байкоочусу тартылган.

«Биз Кыргызстандын дээрлик бардык шайлоо тилкелерин камтыдык. Байкоочулар шайлоо мыйзамдын негизинде өтүп жатканын билдирүүдө. Шайлоочулар бирдей тартипте санитардык эрежелерди сактоо менен добушун берүүдө. Мен бет капсыз кирүүгө аракет кылып көрдүм, бирок мени токтотуп, бет кап кийүүнү суранды. Байкоочулар тарабынан добуш берүү боюнча эскертүүлөр боло элек», — дейт ал.

Количество просмотров: 24