• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Вечерний Бишкек» басма үйүнүн мурдагы жетекчиси  Александр Ким акталды

22 Тогуздун айы 2018 14:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.10.2018. Govori.TV

«Вечерний Бишкек» басма үйүнүн мурдагы ээси, Алмаз Атамбаевдин учурунда 6жылга шарттуу кесилген Александр Ким акталды. Тактап айтканда мурунку сот чечими жокко чыгарылып, иш кайра тергөөгө жөнөтүлгөн. Бул тууралуу журналист Нарын Айып билдирди.

«Бүгүн, Жогорку соттун Качыке Эсенканов, Арзыбек Акыев  Кыдык Жунушпаевдерден турган соттук коллегиясы Свердлов райсотунун 2018-жылдын 20-февралындагы өкүмүн жокко чыгарды. Ишти кайра кароо үчүн тергөөгө жөнөттү»,-дейт билдирген журналист Нарын Айып.

Эске салсак, Александр Кимге тиешелүү «Вечерний Бишкек» гезити 2015-жылы сот аркылуу башка адамдардын ээлигине берилген.

Количество просмотров: 31