• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Венеция комиссиясы Кыргызстандагы жаңы Конституция боюнча корутундусун жарыялады

20 Жалган куран 2021 14:17 Бишкек Govori.TV

Европа кеңешинин жана БУУнун Адам укуктары, демократиялык институттар боюнча Венеция комиссиясы ЕККУ менен Кыргызстандагы жаңы Конституциянын долбоору боюнча биргелешкен корутундусун жарыялады.

Анда жаңы Конституциянын долбоорундагы айрым жоболор бийлик бутактарынын тең салмактуулугуна шек келтире турганы, адам эркиндигин коргоодо, демократия жана мыйзам үстөмдүүлүгүнө коркунуч туудурары жазылган.

Корутундуда ошондой эле 11-апрелде элдин добушуна коюла турган Баш мыйзамдын долбоорун кабыл алуу олуттуу кемчиликтер менен коштолгону да белгиленген.

Европа Биримдиги Кыргызстанда демократиялык принциптерди сыйлоо, адам укуктарын жана эркиндигин коргоо эл аралык талаптарга ылайык жана өлкөнүн дүйнөлүк коомчулук алдындагы милдеттенмелерине шайкеш болушу керектигинин бекемдеген.

Буга чейин юридика тармагындагы беделдүү эл аралык орган болуп саналган Венеция комиссиясы Кыргызстандагы конституциялык реформа боюнча “Конституциянын жаңы долбооруна чейин жаңы парламент шайланып келсе жакшы болмок” деген корутундусун жарыялаган. Жаңы Баш мыйзамды жаңы парламент даярдаса, көбүрөөк легитимдүү боло турганын белгилеген.

Количество просмотров: 250