Италиянын Венеция шаарын суу каптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.
Маалыматка ылайык, суунун деңгээли 13-ноябрь күнү 1 метр 87 сантиметрге көтөрүлгөн Ташкындын айынан калаанын 90 пайызы, анын ичинде тарыхый жайлардын баары суу алдында калган.
Венеция облусунун губернатору Венето Лука Дзайа суу буга чейин деле шаарды каптап келгенин, бирок мынчалык деңгээлге жетпегенин билдирген.
Катуу суу каптады, эч тамашасы жок, шаардын 80 пайызы суу алдында калды. Табигый кырсык болуп көрбөгөндөй чыгым тарттырды, — деп кошумчалаган.
Кошумчалай кетсек, акыркы жолу ушул сыяктуу көрүнүш 53 жыл мурда, 1966-жылы болгон.