Бишкек.02.09.2018.Govori.TV.
2-сентябрда, Кыргыз Республикасына Венгрия Эл Республикасынын Премьер-министри Виктор Орбан келди.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Виктор Орбанды Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тосуп алды.
Виктор Орбан Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келди.
Сапардын алкагында Венгриянын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат.
Ошондой эле Виктор Орбан 2-сентябрда Ысык-Көл жээгинде өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына катышат.