• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Венгрияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

8 Баш оона 2022 16:23 Бишкек Govori.TV

Венгрияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-15- август күндөрү Венгриянын Будапешт шаарында Кыргыз Республикасынын маданият күндөрү өтөт. Учурда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аталган маанилүү иш- чарага даярданып жатат.

«Маданият күндөрүнүн алкагында бир катар кызматташуу жаатындагы жолугушуулар, кыргыз маданиятынын көөнөрбөс байлыгы болгон көчмөн элдин жашоосун чагылдырган маданий программалардан турат. Ошондой эле, маданий күндөрдүн алкагында эки өлкөнүн дипломатиялык кызматташуусун 30 жылдыгына арналган бир катар иш- чараларга катышуу жана венгер элинин маданияты менен жакындан таанышуу максатында тарыхый — маданий жайларга зыярат кылуу сындуу бир катар программалар камтылат»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кыргыз делегациясын министр Азамат Жаманкулов баштап барат.

Количество просмотров: 112