• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Венгрияда парламенттик шайлоо жыйынтыкталды

9 Чын куран 2018 10:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.04.2018.Govori.TV

Венгрияда парламенттик шайлоо жыйынтыкталып, мурда болжондонгондой премьер-министр, ашынган оңчул Виктор Орбандын ФИДЕШ партиясы алдыга чыкты. Эксперттердин алдын ала жыйынтыгына караганда, ФИДЕШ партиясын добуш бергендердин 69 пайыздан ашууну колдогон. Бул жеңиш менен Орбан үчүнчү жолу өкмөт башчылыкка шайланат. 54 жаштагы Орбан бул шайлоо «Венгриянын келечегин чечет» деп билдирген.

«Биз Европа Биримдигинин жана бардык эл аралык уюмдардын мүчөсүбүз. Биз өз өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн аракет жасап жатабыз. Анткени биз өз өлкөбүздү сүйөбүз жана анын келечеги үчүн күрөшөбүз”.

Оппозиция лидерлери элдин активдүү катышуусу жеңишти камсыздайт деп ишенишкен. Шайлоого беш саясий партия жана кыймылдар да катышты. Беш пайыздык чектен өткөндөр парламентке кирет. Калкынын саны 10 миллионго жеткен Венгриянын 8,3 миллион жараны добуш берүүгө укуктуу.

Булак:Азаттык

Количество просмотров: 12