Бүгүн, 19-сентябрда Кыргызстанга расмий сапар менен Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сиярто келди.
Сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын деңгээлинде кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин төртүнчү жыйыны болот.
Мындан тышкары КР Тышкы иштер министри Ж. Кулубаев менен сүйлөшүүлөр өтөт.