Улугбек Кожобергенов Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматынын директору – Кыргызстандын башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору болуп дайындалды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Тийиштүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Буга чейин 24-октябрда аталган кызматтын директору Аширбай Жусупов “Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө” КР Конституциялык мыйзамына ылайык ээлеген кызматынан бошотулган.