• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Вице-премьер-министр: Бүгүнкү күндө өлкөгө жалпысынан 670 мектеп керек

14 Аяк оона 2018 12:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек 14.09.2018. Govori.TV.
Кыргызстанда 670 мектеп жетишпейт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Республика-Ата Журт» фракциясынын жыйынында депутат Пархат Тулендыбаевдин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
«Бүгүнкү күндө өлкөгө жалпысынан 670 мектеп керек. Азыркы тапта 200 мектепке муктаждыгыбыз бар. Бул жылы курулуш ишканасына 78 жаңы мектеп куруу үчүн долбоор тапшырылды», -деди Алтынай Өмүрбекова.
Айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген 2 миңден ашуун бала ден соолугуна байланыштуу мектепке барбайт.
Количество просмотров: 21