• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ВИЧ ке чалдыккан балдардын энелеринин үнүн ким угат?

25 Жалган куран 2019 16:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.03.2019. Govori.TV

Бүгүн Ош, Кара-Суу, Ноокат жергесинде ооруканада балдарына ВИЧ жуктуруп алган энелер балдарын жетелеп, Ак үйдүн алдына пикетке чыгышты. Алгач алар өздөрүнүн көйгөйүн чечүүнү өтүнүп өкмөт үйүнө келишти.

Небересине ооруканадан  ВИЧ СПИД жуктуруп алдым деген чоң энеси, мындай илдетке кабылган небересинин абалына өзүн күнөөлөп, баласы менен келинине ыңгайсыз болуп жатканын айтты.

Бул илдетке чалдыккандар дайыма дарыга муктаж болгондуктан, жөлөкпулду өмүр бою төлөп, үй менен камсыз кылып, жогорку окуу жайды бюджеттин эсебинен окутса деген талап менен келишкен.

Мындай маселе менен жабырлануучулардын буга чейин дагы кайрылбаган жери калган эмес. Өкмөт мурда мындай илдетке кабылгандарга жардам көрсөтүп, айрымдарына үй берген. Мындан улам бүгүнкү чогулгандардын талабы баарын тең карасын дейт.

Бул апа ВИЧ СПИДке чалдыккан өспүрүмдү учурда жалгыз карайт. Анын айтымында мындай илдет наристеге ооруканада жуккан. Ал эми атасы менен апасынын анализдери таза чыккан.

Өзү жана баласы бул илдетке кабылган Айгүл аттуу жаранга даарыгерлер көчөдөн жуктурду дешкен. Мындай маалыматтын чындыкка дал келбегенин айткан жаран, өзүнүн жана баласынын укугу тепселенип жатканын айтып сыздады.

Маселени чечип берүүнү өтүүнүгө келгендер жамынчуларын камдап, бир канча күнгө келишкен. Айтымында алардын түнөй турган жери жок. Көйгөйдүн чечилээри тууралуу азырынча бийлик үн ката элек.

Количество просмотров: 32