• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Вирус менен күрөшүүгө которулган каражаттарды көзөмөлдөө үчүн Байкоочу кеӊеш түзүлөт

26 Жалган куран 202014:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн өкмөттүн брифингде вице-премьер-министр Асрандиев коронавирус боюнча өлкөдөгү акыркы абал тууралуу маалымат берип жатат.
Анда ал: «Коронавируска каршы күрөшүүдө бардык эле бизнесмендер жана жарандар өзүнүн акча каражаттарын Финансы министрлигинин административдик эсебине которбойт. Алар жеке каражаттарын өз алдыкча бөлүштүрүп жатат”, — деди.
Асрандиев белгилегендей, акча каражаттарынын туура сарпталышын көзөмөлдөө үчүн Байкоочу кеӊеш түзүү пландалууда, анын курамына Жогорку Кеӊештин депутаттар жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү чакырылат.
“Алар кайда жана канча каражат жумшалганы боюнча жума сайын отчет көрсөтүп турушат. Бүгүнкү күндө бул каражаттардан бир дагы тыйын коротула элек”, — деди Асрандиев.

Количество просмотров: 107