Кечээ эле маска кийип вирустан сактанып жаткан депутат Сулайманов Ош базарды аралап, манты жеди. Бул тууралуу билдирүүнү ал өзүнүн Instagram баракчасына жазды.
Депутат базардан түз эфирге чыгып, ал жактагы өзгөрүүлөрдү баяндап жана сатуучулар менен баарлашты. Өзү дагы Ош базарга келе элегине көп убакыт болгонун айтып, жанында эч кандай жансакчысы жок барганын белгиледи.
Кошумчалай кетсек, депутат Сулаймановдун буга чейинки беткап тагынып, коронавирус тууралуу посту коомчулуктун талкуусуна алынган эле.