Депутат Элдар Абакиров Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында жаңы автобустар канча жылда өзүн актай турганы боюнча суроо салды.
Бишкектин вице-мэри Мирлан Байгончоков жалпысынан 124 жаңы автобус сатылып алынганын айтып, ахыркы тарифтер менен өзүн актабай турганын, ал эми тарифтер көтөрүлсө өздөрүн 8-10-жылда актай турганын кошумчалады.
«Эгерде тарифтер азыркы деңгээлде кала берсе, анда автобустар өзүн актай албайт, бул үчүн тарифтер 25 сом болуп, запастык тетиктердин баасы өзгөрүүсүз калып, алмаштыруу керек баа туруктуу болсо, балким, алар 8-10 жылдан кийин өздөрүн акташат», — деди ал.