• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Вице-мэр Орунтаев УКМКда сурак берип жатканы айтылды

26 Бугу 202314:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев бүгүн 26-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте сурак берип жатканы кабарланды. Бул тууралуу бир катар маалымат сайттары жеке булактарына таянып жазууда.

Маалыматка ылайык, вице-мэр суракка “Батуми” кафесинин ээсинен түшкөн арыздын негизинде чакырылган.

Азырынча бул тууралуу УКМКда, вице-мэри Нурдан Орунтаев өзү да тастыктай элек.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Батуми” жайгашкан жерге 25-майда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен барып келгенин мекеменин басма сөз кызматы билдирген жана “Ташиев тийиштүү мекемелердин кызматкерлерине аталган иштин чоо-жайын толук аныктап, мыйзам чегинде кайрадан карап чыгууну, эгерде буздуруу мыйзамсыз болсо күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды”, — деп маалымдаган.

Количество просмотров: 61