• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Вице-мэр Виктория Мозгачева жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды

14 Бештин айы 2021 14:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Бул тууралуу ал брифингдин жүрүшүндө билдирди.

“Бизде ооруну симтомсуз алып жүрүүчүлөр көп, бирок биз жеке гигиенаны сактоого, ошондой эле эмдөөдөн өтүүгө чакырып жатабыз. Бүгүнкү күндө ооруканада дарыланып жаткан жарандардын бардыгы – 150дөй бейтап эмдөөдөн өткөн эмес. Ооба вакцина алган соң сизге коронавирус жукпайт деген кепилдик берилбейт, бирок эмдөөдөн өткөн адам ооруну жеңил өткөрөт”, — деди Мозгачева.

Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 14-декабрга карата 1 млн. 165 миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү. Алардын 947 миңден ашууну эки дозаны сайдырышты. Вакцина бир адамга эки дозада берилет, аралыгы 21 күн болууга тийиш.

Количество просмотров: 112