УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарынын Тунгуч аймагынын жашоочулары менен жолугуу учурунда Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиевдин ишмердүүлүгүн текшерүүнү буюруп, аны ыкчам-кызматкерлер алып кетишти. Бул тууралуу Region телеканалы видео жарыялады.
«Сиз бул жерди 6 жылдан бери пайдаланып келе жатканыңызды баары билет. Мени же Бишкек мэрин алдап коюшуңуз мүмкүн. Бул жерди 6 жыл колдонуп, бирок бир дагы ижара акысын төлөбөптүрсүз. Жасап койсоңуз да ижара төлөш керек эле. Менчик жериңиз эмес, муниципалдык жер. Өзүңүз вице-мэрсиз. Ижара акысын чогултчу кишисиз. Эркек болуп, жоопкерчилик алып, элден кечирим сурашыңыз керек», — деген УКМК төрагасы.
Көп өтпөй айрым маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып, Ырсалиев менен бирге Ленин жана Октябрь райондук администрацияларынын кызматкерлери дагы кармалганын жазышты.
Ырсалиев калаанын транспорт жана жол курулуш боюнча тармагын көзөмөлдөйт.
Буга чейин УКМК төрагасы Сокулукка барып, Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын камоону тапшырган. Көп өтпөй Пригородное айылынын башчысын карматып, мэрдин кадр тандоодогу чабалдыгын белгилеген эле.