• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Вице-спикер Сыдыгалиев депутаттарга нааразы болду

28 Аяк оона 2023 12:09 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев күз-кыш мезгилине даярдык талкууланып жаткан жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы, Бишкек шаарынын мэрин жана башка жооптуу адамдардын катышуусун талап кылды.

«Жээнбеков премьер болуп турганда так ушу силерге окшоп, төрагалык кылуучулар силерге айтам адвокат болуп олтуруп ошол элдерибизди кышында үшүтүп, ТЭЦтин печкалары жарылып кышында шаар тургундары далай кыйынчылыкты көргөн. Бүгүн да сиздер ошондой, төрагачылык кылгандарга сиздерге айтып коеюн бүгүн да министлер кабинетине, өкмөткө адвокат болуп олтурасыздар», — деди депутат.

Түмөнбаевге жооп берген вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев кесиптешинин сөзүнө нааразы болуп, айтылган ар бир сөзгө этияттык кылууга чакырды.

«Мен эч кимди коргоп жаткан жокмун, сөзүңүзгө этият болуңуз», — деди Сыдыгалиев.

Количество просмотров: 461