• Дүйшөмбү 26 Бирдин айы 2024
  • Понедельник 26 Февраль 2024

Вице-спикер жаңы ЖМК мыйзамын сындады

13 февраля 2024 в 11:30 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында вице-спикер Нурланбек Азыгалиев ЖМК мыйзамын сынга алды.

Депутаттын айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда толук иштелип чыкпаган учурлар бар.

«Жакшылап иштеп туруп алып келүү керек. Бул абдан өзгөчө мыйзам долбоору, сиздер билесиздер бул резонанстуу мыйзам. Ичинде бир топ иштетилбеген беренелер бар. Карап, бышырып алып келсеңиздер болмок, мына бир депутат эле жарым саат суроо берип жатат», — деп нааразы болду Азыгалиев.

Бүгүн, 13-февралда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети четке какты.

Белгилей кетсек, буга чейин “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин эки комитети биринчи окууда колдогон.

Президенттин администрациясы сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору 2023-жылдын май айында коомдук талкууга коюлган.

Документ сөз эркиндигин чектейт деген сын -дооматтан кийин 5-декабрда жумушчу топ түзүлүп, ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген.

Андан бери мыйзам долбоорунун бир нече варианты иштелип чыгып администрация менен медиа коомчулук орток пикирге келген эмес.

Документте веб-сайттар Юстиция министрлигинен милдеттүү түрдө жалпыга маалымдоо каражаты болуп катталууга тийиш деген талап коюлган. Бул сунуш ача-пикир жаратууда. Андан тышкары 18ге чыга элек жаран, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган адамдар жана юридикалык мекемелер, ошондой эле чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адамдар Кыргызстанда ЖМК ачып иштете албай турганы жазылган.

Ал эми көз карандысыз юристтер, медиаэксперттер мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп баалашкан. Алар ЖМК жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы мурункуга салыштырмалуу катаалдашып кеткенин айтып, бийликке коңгуроо кагышууда.

Количество просмотров: 63