• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Волейбол боюнча курама команда алтын медалга ээ болду

25 Тогуздун айы 202412:03 Бишкек Govori.TV


Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Ташкентте өткөн Борбордук Азия волейбол ассоциациясынын чемпионатында алтын байгеге ээ болду.

Финалда кыргыз курама командасы өзбек курама командасын 3:0 эсебинде жеңип алды.
Кыргызстандын волейболчулары бир да командага жеңилбеген жалгыз команда болуп калды.

Мелдештин жүрүшүндө Мальдив жана Тажикстанды 3:0 эсебинде, Түркмөнстанды 3:1, Афганистанды 3:1да эсебинде утуп алышты.

Натыйжада Кыргызстан биринчи, Өзбекстан экинчи, Түркмөнстан үчүнчү орунга татыды.

Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары жеке номинациялар боюнча сыйланышты:
Нурислам Медетбек уулу — мыкты борбордук блокатор;
Нурмухаммед Токтоев — эң мыкты жыйынтыктоочу;
Оңолбек Каныбек уулу — мыкты диагоналдык чабуулчу ;
Нурмухаммед Токтоев — мелдештин мыкты оюнчусу.

Количество просмотров: 289