• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Волейбол боюнча кыз-келиндер курамасы жарым финалга чыкты

10 Аяк оона 202415:22 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы бүгүн, 10-сентябрда Борбордук Азия волейбол ассоциациясынын чакырык кубогунун финалына чыгуу үчүн беттеш өткөрөт.

Мелдеш Мальдивдин борбору Мале шаарында өтүүдө. Беттешке жалпы төрт команда катышууда.
Тайпалык баскычта кыргызстандык машыктыруучу Абдухамид Айсаходжиевдин командасы үч беттешти тең 3:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

Жарым финалда Ооганстандын курама командасы менен беттешет. Жарым финал 10-сентябрда
Кыргызстан – Афганистан оюну саат 17:15 башталса, Мальдив — Тажикстан мелдеши саат 21:30да болот.

Количество просмотров: 88