• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Володин АКШга шайлоо өткөрүүнү Кыргызстан менен Казакстандан үйрөнүүнү сунуштады

15 Үчтүн айы 202111:35 Бишкек Govori.TV

Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин АКШга шайлоо өткөрүүнү Кыргызстан менен Казакстандан үйрөнүүнү сунуштады.

Ал «Россия 24» телеканалына интервью берип жатып, Мамлекеттик думанын депутаттары 10-январда Кыргызстан жана Казакстанда өткөн шайлоолорго байкоочу катары катышканын билдирди.

«Билесиңерби, жыйынтыгында алардын баары (депутаттар) шайлоолор ошол өлкөлөрдүн улуттук мыйзамдарына ылайык өткөнүн белгилешти. Шайлоо атаандаштык менен жана ачык өткөн. Буга байланыштуу АКШ бир дагы эл аралык байкоочусу жок өткөн жабык шайлоо системасы менен шайлоо өткөрүүнү Кыргызстан жана Казакстандан үйрөнсө болот», — деди Володин.

10-январда Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум, ал эми Казакстанда Мажилис жана маслихаттарга шайлоо өткөн.

Количество просмотров: 141