Бишкек.10.07.2019.Govori.TV.
Каржы полициясы тарабынан «Вольво» үлгүсүндөгү жүк ташыган унаа контрабандалык жол менен алынып келгени аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, буга чейин Каржы полициясынын кызматкерлери Кыргызстандын аймагына коррупциялык схема менен алынып келген кымбат унааларды аныкташкан. 30-июнь күнү айланма жолдо, тактап айтканда «Ак-Тилек — унаа жолу» көзөмөл-өткөрмө пунктунда 2005-жылы чыгарылган «Вольво» унаасы токтотулган.
«Аталган унаа Кыргызстандын аймагына 2016-жылы алынып келип, жасалма документ менен катталганы аныкталды. Мыйзамсыз иш-аракеттердин кесепетинен мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө — 1 млн сомдон ашык зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.
Учурда келтирилген зыянды мамлекеттик бюджетке төлөө боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.