• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Вулкандын атылуусунан улам Жапонияда жаңы арал пайда болду

9 Жетинин айы 2023 15:53 Бишкек Govori.TV

Суу алдындагы вулкандын атылуусунан улам Жапонияда жаңы арал пайда болду. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, аянты болжол менен 100 чарчы метрди түзгөн жаңы арал Жапониянын Ивото аралына жакын жерде пайда болду.

Токио университетинде иштеген жер титирлөөлөр боюнча адис Фукаси Маэнонун айтымында, жаңы аралдын аянты чоңоюп, же тескерисинче таптакыр жок болуп кетиши мүмкүн. XX кылымда үч жолу бул аймакта пайда болгон аралдарды толкундар кыйраткан. Бирок эгер вулкан атылуусун уланта берсе, анда лаванын катып калган агымдары кыйла катуу жана бекем жер кыртышын пайда кылышы мүмкүн.

2018-жылы Жапонияга тиешелүү адам жашабаган Эсанбэ Ханакита Кодзима аралы суу алдында калганы аныкталган. Муну «жашыруун» аралдар жөнүндө жазган жапон жазуучусунун аркасы менен гана байкашкан.

2023-жылы февралда жарыяланган акыркы маалыматтарга ылайык, Жапония 14 миңден ашык аралдан турат. Анда жапон географтары заманбап технологиялардын жардамы менен Жапониянын курамында мурда белгилүү болгон аралдардан 7 273кө көп арал аныкташканын билдиришкен.

Количество просмотров: 374