Бишкек.10.05.2019.Govori.TV.
WhatsApp тиркемеси жакында айрым телефон аппараттарында ачылбай калат. Бул тууралуу компаниянын расмий блогунда кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 2019-жылдын 31-декабрына чейин тиркеме Microsoft компаниясынын Windows Phone операциялык системасы орнотулган аппараттарда ачылбай калат. Ошондой эле мессенджер Android жана iOS смартфондорунун эски версияларында да иштебейт.
Ал эми, 2020-жылдын 2-февралынан тарта тиркеме Android смартфондорунун 2.3.7 жана андан эскирээк версияларында, iOS смартфонунун 7 жана андан эски версияларында дагы ачылбай калышы толук мүмкүн.