Wildberries компаниянын жетекчисинин күйөөсү Владислав Бакальчук кармалды. Бул тууралуу орусиялык РБК басылмасы жазды.
«Бүгүн эртең менен Владислав Сергеевич Бакальчукка Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу», «Укук коргоо органынын кызматкерин өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Өзүм билемдик» беренелери боюнча айып тагылып, 48 саатка камакка алынды», — деген ишкердин өкүлү.
Эске салсак, 18-сентябрда Москванын борборундагы «Романов двор» бизнес борборунда жайгашкан Wildberries компаниясынын кеңсесинде атышуу болгон.