• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Үй бүлөсүн багам деп кардын астында көмүлүп калган ыссыкөлдүк жигиттин сөгү табылды

24 Үчтүн айы 201815:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.01.2018. Govori.TV

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл аймагында аңчылыкка чыгып, кар көчкүдө калган 39 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 21-январь күнү саат 17:00 чамасында Көк-Жайык жайлоосунун Телти участогунда кар көчкү басып калган тургундун (1979-ж.т. Р. Ашымбаев) жансыз денесин издөө иш аракеттеринин натыйжасында, куткаруучулар тарабынан 2018-жылдын 24-январь күнү саат 12:50дө маркумдун жансыз денеси табылды.

Азыркы убакта маркумдун денесин тоодон түшүрүү иш-чаралары аткарылууда. Куткаруучулар менен издөө иштерине катышкан жергиликтүү тургундар Жети-Өгүз айылына түшүп келишүүдө. Кошумча маалымат берилет.

 

Количество просмотров: 18