• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Япония Кыргызстанга 90 миң доллар грант бөлдү

5 Жалган куран 201911:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.03.2019. Govori.TV

Япония өкмөтү Ош, Жалал-Абад обулстарындагы мектептерде 3 миң 500 окуучуга ысык тамак берүү үчүн 90 миң доллар грант бөлдү. БУУнун өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү кабарлагандай, грант Билим берүү жана илим министрлиги менен мектеп ашканаларына жабдыктарды алууга жумшалат.

Мындан тышкары, балдардын тамагынын түрлөрүн өзгөртүү, мектеп ашпозчуларын окутуу боюнча 8 мектепте иштер жүргүзүлөт.

Кыргызстанда мектеп тамагын оптимизациялоо долбоору 2013-жылдан тарта БУУнун жардамы менен ишке ашууда. Бүгүнкү күндө 145 миң бала 525 пилоттук мектепте ысык тамак ичет.

Количество просмотров: 20