• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Япониялык дизайнерлер Кыргызстандын курама командасы үчүн кимоно жасашты

30 Теке 202112:53 Бишкек Govori.TV

Японияда Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарына катышкан өлкөлөрдүн ар бири үчүн 213 даана кимоно даярдады. Алардын катарында Кыргызстан дагы бар.

Идеянын автору — кимоно өндүрүү жана сатуу боюнча компаниянын президенти Йошимаса Такакура. Долбоор 2014-жылы эле иштелип чыккан. Ар бир кимонону жасоого 6 айдан 1 жылга чейин убакыт кеткен.

Кыргызстандын кимоносунда Тянь-Шань тоолору, Айгүл гүлү, Ысык-Көл, көпкөк асман, түндүк жана кыргыз оймолору түшүрүлгөн.

https://www.youtube.com/watch?v=jjD06pnb1aE
Количество просмотров: 244