Бишкек.13.05.2019.Govori.TV.
Ош шаарындагы жашыруун ишмердүүлүк жүргүзгөн кумарканалар боюнча «Азаттык» менен Нур ТВнын кабарчылары съёмка учурунда ур-тепкиге кабылышты.
Түз эфирден кумаркана бар делген жайдын күзөтчүлөрү «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковдун колдорун кайрып, тепкилеп жатканын көрүүгө болот. Ал эми журналист Даткабек Шабданбек уулун күзөтчүлөр барымтага алып, уюлдук телефонундагы жалпы маалыматты өчүрүп салышкан.
«Андай деле олуттуу зыян келген жок. Бирок колумду кайрышып, тепкилегенге чейин барышты. Кастюмум да жыртылып кетти. Азыр абалым жакшы»,-деди Ыдырыс Исаков.
«Колумду кайрып, имараттын ичине алып кирип камап коюшту. Телефонумду алып, ичиндеги керектүү маалыматтардын баарын өчүрүп салышты. Каршылык көрсөтсөм күч колдонушту«,-деди Даткабек Шабданбек уулу.
Эске салсак, былтыр апрелде ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков Ош ШИИБнын башчысы Мурат Бороновго кумарканаларды үч күн ичинде жабууну тапшырган. Текшерүүнүн жыйынтыгында Ош шаарында жашыруун ишмердүүлүк жүргүзгөн кумарканалар аныкталган жок деп кабарлаган болчу.
Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тартып казино жана башка кумар оюндарына тыюу салынган. 2015-жылдын 29-апрелинен тартып букмекер кеңселерине, тотализаторлорго чектөө коюлган.
Булак: t-media.kg