• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Ырчы Анжелика Бекболиева Бишкек-Ош жолунда кырсыктан аман калды

27 Чын куран 2018 23:23 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.04.2018.Govori.TV.
Ырчы Анжелика Бекболиева Бишкек-Ош жолунда кырсыктан аман калды. Бул тууралуу 27-апрелде ырчы айым социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.

Супер.kg сайтына бул маалыматты өзү тастыктап, чоо жайын айтып берди.
«Бүгүн Ош шаарынан борбор калаага келе жатып айдоочунун уйкусу келип, көзү жумулуп кетти. Кудай сактап, бир кырсыктан аман калдык. Бул окуядан кийин айдоочу экөөбүз унааны алмашып айдап, Бишкекке жетип алдык. Айдоочулар жөндөп деле эс алышпайт. Ошондон улам узак жолго чыкканда көздөрү жумулуп кетет. Ушул нерсени тиешелүү тарап карап, бир чечим чыгарса жакшы болмок», — дейт ал.
Ош шаарында Бекболиеванын эки кундук концерти өттү.
Количество просмотров: 34