• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Ырчы Анжелика Бекболиеванын ажырашуу тууралуу жазган арызы белгисиз мөөнөткө жылдырылды

29 Үчтүн айы 201817:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.01.18.Govori.TV

Ырчы Анжелика Бекболиеванын күйөөсү менен ажырашуу тууралуу жазган арызы бүгүн, 29-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан каралмак. Бирок соттук отурум белгисиз мөөнөткө жылдырылганын Биринчи Май райондук соту билдирди.

Алдын ала айтылган, такталбаган маалыматтар боюнча, эми сот отуруму такыр болбошу мүмкүн. Буга ырчынын жазган арызын кайтарып алгандыгы себеп экендиги айтылууда.

Эске салсак, Бекболиева ажырашуу тууралуу арызын өткөн жылдын декабрь айында жазган. Биринчи соттук процесс 2017-жылдын 20-декабрына белгиленип, бирок ага Урмат Бекболиев келбей койгонуна байланыштуу кезектеги соттук кароо 29-январга белгиленген. Ырчы арыз жазуусунун себептерин «Супер-Инфо» гезитине берген маегинде айткан.

Белгилей кетсек, ырчы жеке ишкер Урмат Бекболиевге 2006-жылы  турмушка чыккан. 10 жылдан ашык убакыт биргеликте түтүн булаткан түгөйлөр 3 кыздуу болушкан.

Супер

Количество просмотров: 31