• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ырчы Данияр Эрматов бүгүн 1-февралда 29 жашка чыкты

1 Бирдин айы 2018 19:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.02.18.Govori.TV

Бүгүн 1-февралда эстрада  ырчысы Данияр Эрматов 29 жашка толду. Бирок, ал быйылкы туулган күнүн өзгөчө белгилебей тургандыгын инстаграм баракчасына жазып, куттуктап келген досторуна ыраазычылыгын билдирип видеосун жүктөгөн.

https://www.instagram.com/p/BeoVKkEhpr1/?hl=ru&taken-by=daniyar_ermatov

 

Govori.TV сайты ырчынын менеджерине байланышканда ал ырчынын туулган күнүн белгилеберин билдирди.

«Буйруса туулган күн эң жакшы маанай менен башталды. Учурда күтүлбөгөн сюрприздерди, белектерди алып жаткан кезибиз. Даниярдын достору көп болгондуктан быйыл атайлап туулган күндү белгилебейбиз. Анткени баарын чакырсак чоң бир юбилей болуп кетет экен ошондуктан чакан эле он адамды чакырып белгилейли деп камынып жатабыз»-дейт  ырчынын менеджери.

Ырчы Данияр Эрматов кыргыз шоу дүйнөсүндө «Токто жаным», «Аярым» «Бийлейли чача», «Сүйдүрүп алам «ж.б. ырлары менен белгилүү.

Ырчыны туулган күнү менен куттуктап чыгармачылыгына ийгилик каалайбыз!

 

 

Количество просмотров: 13