• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Ырчы Нуркыз Кожонованын жакында жаңы клиби чыгат

2 Бирдин айы 201812:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.02.18.Govori.TV

Кыргыз шоу бизнесинен өз ордун таап, эл оозуна алынып талантын тартуулап жаркылдаган ачык мүнөзү менен баардык капачылыкты дароо айдаган Нуркыз Кожонова учурда жаңы клибин тартып жүргөн кези.Бул туурасында ырчы өзүнүн соцтармактардагы баракчасына жазган.

Ырчы менен байланышканыбызда  учурда бир эмес эки клип тарттырып бошобой жүргөнүн билдирди. 

“Учурда “Бактым сенсиң” аттуу ырыма клип тартып жатабыз. Буйруса жакында күйөрмандарым жыл башында жаңы тартылган клиптериме күбө боло алышат. Анткени бир эле учурда дагы  кичинекей Эржан деген таланттуу жигит менен да клип тартып жатабыз. Азырынча тартылып жаткан клиптердеги өзгөчөлүктөрдү купуя сыр кылып турайын, даяр болгондо билесиздер” дейт ырчы.

Демек жакында ырчы кыздын жаңы тартылган клиптерине күбө болуп калат экенбиз.

Количество просмотров: 30