• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ырчы Нурмат Садыров кесибин өзгөртөт

26 Үчтүн айы 2018 13:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.01.18.Govori.TV

Кары-жашына карабай баары тең жакшы көргөн «Торгоюм» ырынын аткаруучусу, ырчы Нурмат Садыров жыл башын тасмага тартылуу менен баштады. Бул туурасында ал  өзүнүн инстаграм баракчасына жүктөгөн.

«Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дегендей ырчы жигит учурда кыргыз тасмасына  тартылып болгондо да башкы каармандын ролун аткарып жаткан кези экен. Күйөрмандары буга чейин ырчылыктан сырткары төкмөлүк өнөрүнө күбө болсо, эми актерлук чеберчилигине да күбө боло алышат.

«Кыштын чилдесине карабай учурда киного тартылып жатабыз. Айткан оңой болгону менен тасмага тартылуунун да кыйынчылыгы бар экен. Уят болбоюн деп болгон аракетимди жумшап жатам. Жыйынтыгын тасма даяр болгондо көрө аласыздар дейт» -ырчы.

https://www.instagram.com/p/BeTKgTanYmI/?taken-by=nurmat_sadyrov

https://www.instagram.com/p/BeIWOoRHvYn/?taken-by=nurmat_sadyrov

 

Количество просмотров: 23