• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Ырчы Самара Каримова катышкан «Илегилек» драмасынын баасы талкууга алында

2 Бирдин айы 201816:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.02.18.Govori.TV

Социалдык тармактарда 15-17-февраль күндөрү Ош улуттук драма театрында башкы ролду Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова ойногон жазуучу, драматург Султан Раевдин чыгармасынын негизинде коюлган «Илегилек» драмасынын баасы учурда кызуу талкууланууда.

Жогоруда аталган драманын баасы илинген афишаларда 750 сом экени көрсөтүлгөн. Көпчүлүк интернет колдонуучулар «спектаклде белгилүү ырчы башкы ролду ойногону үчүн баасы ушунча кымбатпы?» деген суроо салышкан.

Бул боюнча Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театры төмөндөгүлөргө токтолду: «Биздин Кыргыз драма театрында кандай гана спектакль коюлбасын баасы 200 сом турат. Ал көптөгөн эл аралык сынактарга катышып келсе да, жаңыдан коюлуп жатса да айырмасы жок. Театрдын эң негизги максаты күйөрмандарга руханий азык берүү жана искусствону сүйүүгө тарбиялоо болуп эсептелет».

Ал эми «спектаклдин баасы эмне себептен 750 сом деп коюлган жана бааларды ким көзөмөлдөйт?» деген суроо менен Маданият, маалымат жана туризм министрлиги: «Спектаклдерге болгон баа Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жана Маданият министрлиги менен биргеликте бекитилет. Эки мамлекеттик орган спектаклдерге болгон эң жогорку бааны 500 сом деп бекитип берген», — деп билдиришти.

Мындан сырткары  учурда эмне себептен ОУДТда «Илегилек» драмасына болгон баа афишаларда 750 сом деп көрсөтүлгөндүгү тууралуу териштирилип жаткандыгын министрликтен кошумчалашты.

Белгилей  кетсек, «Илегилек» драмасы буга чейин «Туңгуч» театрынын актёрлору тарабынан коюлуп, анда башкы ролду Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматоважаш актриса Таазим Үметалиева ойногон. Аталган спектакль көптөгөн чет элдик театрларда көрсөтүлүп, Лондондо өткөн «Ачык Борбор Азия» аталышындагы II эл аралык искусство фестивалында «Алтын жоогазын» сыйлыгына татыган.

Супер

Количество просмотров: 31