• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ыссык Көлгө водолаздар сууда жүргөн элди чөктүрүп жатабы? ӨКМ жооп берди

27 Теке 2018 20:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.07.2018.Govori.TV.
“WhatsАpp”мессенджери аркылуу «Ыссык Көлгө водолаздар сууда жүргөн элдерди суунун астынан тартып кетип атайлап эле чөктүрүп өлтүрүп ташка байлап коюшат, издетип жалдаганда саатына өтө көп суммадагы акча алышат, муну Ыссык Көлдүктөр өздөрү айтып жүрүшөт.Кыргыздар ансыз деле азбыз эки айдын ичинде 300 адам чөгүп өлдү анын 72си жаш балдар», -деген маалымат таркатылууда, бул чындыкка дал келбейт, деп айтылат ӨКМнын басма сөз кызматынын билдирүусүндө.
ӨКМдин алдындагы Суучулдар кызматы суудагы издөө иштерин бекер иш алып барышат, жана республикабыздын аймагында жай мезгилинде суу объектилеринде 59 адам чөксө, анын ичинен 18си жаш балдар. Ысык-Көл облусунда 9 адам чөккөн, анын ичинен 2 – жаш бала.
ӨКМ тиешелүү мамлекеттик органдарга аталган билдирүүнүн авторун табуу максатында кайрылуу жазарын билдиребиз, себеп дегенде мындай чындыкка дал келбеген билдирүү коомчулук арасында түшүнбөстүктөрдү жаратууда.

 

Количество просмотров: 38