• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ысык-Көл районунда «Карагат фестивалы» өтүүдө

4 Баш оона 2018 16:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.08.2018.Govori.TV.
Учурда Ысык-Көл районунун Темир айылында «Карагат фестивалы» өтүүдө. Бул тууралуу Govori.TV. агенттигинин кабарчысы билдирет.

Бул фестиваль 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет. Фестиваль «Аймактарды өнүктүрүү» жылы үчүн дагы чоң салым болуп эсептелинет.

Ысык-Көл облусу көптөгөн жашылча жана мөмө-жемиштерди өстүрүүгө ыңгайлуу аймак. Фестивалга жергиликтүү эл өтө жакшы даярдык менен келишкен. Ар бир айыл өзүнчө даярданып жеңиш үчүн аракеттери күч экенин билдиришти. Катышуучу команданын топ башчысы Байгазиева Чынара «Кажы-Сай ынтымагы» группасы менен жакшы даярдыкта келишкен.
» Биз чоң даярдык менен келдик. Маанайыбыз дагы эң сонун! Бул фестивалда биринчиликти алабыз деп турабыз. Себеби, биз элде жок нерселерди жасап, көргөзмөгө катышып жатабыз. Азыр элде ашкабак жок да. Биз болсо ашкабакты жасалма түрүндө ар кандай формада жасап, көргөзмөгө катышуудабыз»,-дейт Байгазиева Чынара.
Эскерте кетсек фестиваль бир нече жылдан бери айыл чарбасын жана туризмди өнүктүрүү максатында өткөрүлүп келет.
Количество просмотров: 69