• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ысык-Көлдө 6 жашар кызды зордуктаган өспүрүм 2 айга камалды

3 Баш оона 20189:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.08.2018.Govori.TV.

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда 6 жашар кызды зордуктаган 16 жаштагы өспүрүм тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу  ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, экспертизанын жыйынтыгы жаш кыз кылмышка шектүү тарабынан зордукталгандыгын көрсөттү.

Учурда кыз ооруканада жатат. Ага психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Ал эми соттун чечими менен кылмышка шектүү тергөө абагына 2 айга камалды. Тергөө уланууда

Эске салсак, аталган райондо 16 жаштагы өспүрүм кошуна 6 жашар кызды алдап үйүнө алып келип зордуктаган.

 

Количество просмотров: 15